Загрузка документа…
БИРЛИК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 26-январы № 28
Бирлик айыл аймагындагы Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин, “Гауян-Таза-суу” ИСКАКБ нын жана “Гауян СПА”нын 2021-жылдагы аткарган иштеринин жыйынтыгы боюнча
Бирлик айыл аймагындагы Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин,“Гауян- Таза-суу” ИСКАКБ нын жана “Гауян СПА”нын 2021-жылдагы аткарган иштеринин көзөмөлдөө боюнча Бирлик айылдык Кеңешинин 2021-жылдын 22-июнундагы №10 токтому менен бекитилген убактылуу комиссиялардын маалыматын угуп, талкуулап,
Бирлик айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Гауян”СПА нын 2020-жылдагы аткарган иштеринин жыйынтыгы комиссиянын корутундусуна ылайык айрым кемчилдиктерди белгилөө менен
“канаттандыраарлык” деп белгиленсин. Айтылган кемчилдиктерди жоюу максатында аталган мекемеге 6 айлык мөөнөт белгиленсин.
2. “Гауян таза -суу” ИСКАКБ нын 2020-жылдагы аткарган иштеринин жыйынтыгы комиссиянын корутундусуна ылайык айрым кемчилдиктерди белгилөө менен
3. “канаттандыраарлык” деп белгиленсин. Айтылган кемчилдиктерди жоюу максатында аталган мекемеге 6 айлык мөөнөт белгиленсин.
4. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2021-жылдагы аткарган иштери боюнча убактылуу комиссиянын корутундусунун негизинде аткарган иштеринин бир топ кемчилдиктерин эске алуу менен “канаттандыраарлык эмес” деп табылсын.Белгиленген кемчилдиктерди түзөтүү максатында тиешелүү мамлекеттик органдарга кайрылууну Бирлик айылдык Кеңешине милдеттендирем.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы убактылуу комиссияга милдеттендирилсин
Бирлик айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы: |
|
С.Каламов |