Загрузка документа…
БИРЛИК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 5-апрели № 29
Бирлик айыл өкмөтүнүн 2022-жылдагы жергиликтүү бюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Бирлик айыл өкмөтүнүн 2022-жылга жергиликтүү бюджетине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө экономика жана каржы бөлүмүнүн башчысы Ө.Шералиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап «Кыргыз Республикасынын 2022-жылга Республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө» Мыйзамынын негизинде Бирлик айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2022-жылдын жыл башына карата бюджеттик эсеп счётунда 1.942.000 сом, акча каражаты калдык калганына байланыштуу кээ бир статьяларга тиркемеге ылайык бюджеттик сметага өзгөртүүлөр киргизилсин. (№ 1, 2-тиркемелер тиркелет).
2. Финансы Экономика бөлүмүнүн башчысы-башкы эсепчи Ө.Шералиевге бюджетке тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү жагы милдеттендирилсин.
3. КР ФМ Кадамжай башкармалыгынан жогорудагы өзгөртүүлөрдү көңүлгө алуу жагы суралсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Бирлик айыл аймагынын айылдык Кеңешинин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Бирлик айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы: |
|
С.Каламов |