Загрузка документа…
БИРЛИК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 5-апрели № 30
Бирлик айыл аймагындагы “Гауян таза суу” ИСКАКБсинин 2021-жылда аткарган иштери, 2022-жылга иш планы жана бюджети, ичүүчү таза сууга болгон тарифтерин бекитүү жөнүндө
Бирлик айыл аймагындагы “Гауян таза суу” ИСКАКБсинин 2022-жылдагы чогулушунун №1 протоколуна негиз 2021-жылда аткарган иштери, 2022-жылга иш планы жана бюджети, ичүүчү таза сууга болгон тарифтерин бекитүү жөнүндөгү маселени терең карап, талкуулап, сын-сунуштарды эске алуу менен Бирлик айылдык Кеңеши
Токтом кылат
1. Бирлик айыл аймагындагы “Гауян таза суу” ИСКАКБсинин 2021-жылда аткарган иштери канааттандыраарлык деп табылсын.
2. Бирлик айыл аймагындагы “Гауян таза суу” ИСКАКБсинин 2022-жылга иш планы бекитилсин.
3. Бирлик айыл аймагындагы “Гауян таза суу” ИСКАКБсинин 2022-жылга ичүүчү таза сууну пайдалангандыгы үчүн тарифтери бекитилсин (тиркеме тиркелет).
4. Ичүүчү таза сууну пайдалангандыгы үчүн суунун акысын убагында төлөбөгөн абоненттерге мыйзам чегинде чара көрүлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Гауян таза суу” ИСКАКБсинин башчысы Матказиев Жолдошбайга жүктөлсүн.
Бирлик айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы: |
|
С.Каламов |