Загрузка документа…
БИРЛИК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 5-апрели № 31
Бирлик айыл аймагынын Жаңы-Коргон айылынын тургундарынын кайрылуусун кароо жөнүндө
Бирлик айыл өкмөтүнүн Жаңы-Коргон айылынын тургундарынын кайрылуусуна негиз Б.Алыкулов орто мектеби 1982-жылдардагы райондук аткаруу кеңешинин төрагасы Текеновдун чечими менен Жаңы-Коргон айылынын аймагында жайгашкандыгы белгиленген, кийинчерээк мыйзам бузуулар менен тиешелүү жетекчилер тарабынан Жал айылынын аймагына каттатып алышкандыгы боюнча жазган кайрылуусу менен таанышып, талкуулап чыгып Бирлик айыл аймагынын айылдык Кеңеши
Токтом кылат:
1. Барпы Алыкулов орто мектеби кайсыл айылдын аймагында жайгашкандыгы боюнча юридикалык баа берүү жагы зарыл экендигин эске алып, маселени мыйзам чегинде чечүү үчүн сот органдарына кайрылуу жагы жергиликтүү тургундарга сунушталсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Бирлик айыл аймагынын айылдык Кеңешинин жер жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
Бирлик айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы: |
|
С.Каламов |