Загрузка документа…
БИРЛИК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 23-майы № 33
Бирлик айыл аймагы аркылуу өткөн №46 Кадамжай жолдорду тейлөө ишканасынын балансындагы жолдорго жол белгилерин орнотуу жөнүндө
2022-жылдын 22-май күнү Чечме айылында катталган (адамдардын өмүрү менен коштолгон) жол кырсыгына байланыштуу Бирлик айыл аймагынын тургундарынын суроо-талаптары менен райондук жетекчилердин тапшырмасынын негизинде коопсуздукту сактоо максатында, дөңсөө (лежачий полицейский), авариялык токтотмо (аварийный съезд), жол белгилерин орнотуу боюнча талкуулап чыгып, Бирлик айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Унаалардын ылдамдыгын төмөндөтүү үчүн керектүү болгон дөңсөө (лежачий полицейский) мыйзамга ылайык орнотулсун. Чечме айылына 3 (үч), Бел айылына 1 (бир), Сур айылына 1 (бир), Эшме айылына 1 (бир), Жал айылына 1 (бир), Ормош айылына 2 (эки), Сырт айылына 1 (бир). (тиркеме 1 баракта тиркелет).
2. Кооптуу абалды алдын алуу максатында авариялык токтотмо (аварийный съезд) куруу жана керектүү болгон жол белгилерин орнотуу үчүн мыйзам чегинде уруксат берүү жагы каралсын.
3. Чечме айылынан аралап өткөн Ош-Исфана унаа жолунун чыгыш тарабы жагынан кире беришиндеги жолдун боюна онлайн видеокөзөмөл орнотуу үчүн тиешелүү министрликтерге сунушталсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бирлик айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарына жана Бирлик айыл аймагынын өкмөт башчысына жүктөлсүн.
Бирлик айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы: |
|
С.Каламов |