Загрузка документа…
БИРЛИК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 23-майы № 34
Бирлик айыл аймагындагы унаа жолдорунун категориялары боюнча жол четиндеги жерлерди Кадамжай жолдорду тейлөө ишканасынын балансына өткөрүп берүү жөнүндө
Кадамжай райондук администрациясынын тапшырмасы менен Бирлик айыл аймагы аркылуу өткөн Ош-Исфана (3-категория) жолунун 160-164км (4км-112000м2), 169-179км (10км-280000м2) жана Жал-Моло-Тескей (4-категория) 12км (288000м2), Сур-Ормош-Сырт (4-категория) 7км (156000м2) ээлеген аянттарын Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тапшырмасына жана Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппаратынын 2022-жылдын 30-мартындагы №01-33/843 сандуу катына ылайык, Кадамжай районунун аймагындагы автомобиль жолдорунун категориялары боюнча жол четиндеги жерлерди Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министирлигинин №46 Кадамжай жолдорду тейлөө ишканасынын балансына өткөрүп берүү жөнүндө талкуулап чыгып, Бирлик айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош-Исфана жолунун 160-164км жана 169-179км аралыктарынын Бирлик айыл аймагы аркылуу өткөн узундугу 14км 3-категориядагы жол тилкесинин ортосунан эки четине 12 метрден болуп, жалпы туурасы 24 метр жер, ээлеген аянты менен Кадамжай жолдорду тейлөө ишканасынын карамагына өткөрүлүп берилсин.
2. Жал-Моло-Тескей айылдары аркылуу өткөн жолдун узундугу 12км жана Сур-Ормош-Моло айылдары аркылуу өткөн 7км 4-категориядагы жолдорду Кадамжай Жолдорду тейлөө ишканасынын карамагына өткөрүү үчүн аталган мекеменин адистерин чакыртып, жергиликтүү жер комиссиясы жана элдер менен биргеликте кайра карап чыгуу жагы зарыл экендигин эске алып, убактылуу калтырылды.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бирлик айыл аймагынын айылдык Кеңешинин туруктуу комиссияларына жана Бирлик айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
Бирлик айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы: |
|
С.Каламов |