Загрузка документа…
БИРЛИК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 23-майы № 35
Бирлик айыл өкмөтү менен Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн жайыт маселелелери жөнүндө
Ак-Турпак айыл аймагынын административдик чегинде катталган Гауян, Ууру-Сай, Гороту жайлоолорун Бирлик айыл аймагынын административдик аймактык чегине өткөрүп алуу боюнча 2022-жылдын 29-апрелинде район жетекчилери менен биргеликте аталган эки айыл өкмөтүнүн тийиштүү комиссияларынын катышуусунда өткөрүлгөн чогулуштун протоколуна негиз жана Ак-Турпак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XII сессиясынын №30 токтомунун негизинде талкуулап чыгып Бирлик айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Турпак айыл аймагынын административдик чегинде турган Гауян, Ууру-Сай, Гороту жайыт жайлоолору ГЛФ 7400 га, ГЗЗ 2950 га жалпы 10350 га жер аянттары менен Бирлик айыл аймагынын административдик аймактык чегине өткөрүлүп алынсын.
2. Баткен жерге жайгаштыруу экспедициясы тарабынан даярдалуучу Бирлик жана Ак-Турпак айыл өкмөттөрүнүн административдик чек арасын аныктоочу картасын өзгөртүүгө кеткен чыгымы Бирлик айыл өкмөтү тарабынан каржылансын.
3. Токтомдун аткарылышын мыйзам чегинде көзөмөлдөө жагы Бирлик айыл өкмөтүнүн жер боюнча түзүлгөн комиссиясына жана өкмөт башчысына жүктөлсүн.
Бирлик айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы: |
|
С.Каламов |