Загрузка документа…
БИРЛИК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 23-майы № 36
“Бирлик айыл өкмөтүнүн аймагында каада –салттарды кыскартуу жана ашыкча ысырапкерчиликке жол бербөө боюнча Жобону” бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы №54 Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө Жарлыгын ишке ашыруу жана Бирлик айыл өкмөтүнүн аймагында 2022-жылдын 7-мартында Ормош айылында өткөрүлгөн элдик жыйындын протоколуна негизинде түзүлгөн “Бирлик айыл өкмөтүнүн аймагында каада-салттарды кыскартуу жана ашыкча ысырапкерчиликке жол бербөө боюнча Жобону” бекитүү жөнүндөгмаселени угуп, талкуулап, Бирлик айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бирлик айыл өкмөтүнүн аймагында, 2022-жылдын 7-март күнү Ормош айылында өткөрүлгөн элдик жыйындын протоколунун негизинде кабыл алынган Жобо бекитилсин. (тиркеме 4 баракта тиркелет).
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бирлик айыл өкмөтүнө жана тиешелүү органдарга жүктөлсүн.
Бирлик айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы: |
|
С.Каламов |
|
| Бирлик айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз VI сессиясынын № 36-токтомуна № 1- тиркеме (Тиркеме 5 беттен турат.) 2022-жылдын 23-майы |
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар» жөнүндөгү
№54 Жарлыгын Бирлик айыл аймагында ишке ашыруу жөнүндөгү
ЖОБО:
1.Жалпы жоболор.
1. Жоболордун иш-чаралары Кыргыз Республикасынын Президентинин
2022-жылдын 24-февралындагы “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар” жөнүндөгү №54 Жарлыгына ылайык уюштурулат жана жүргүзүлөт.
1.1. Маркумду узатуунун тартиби:
1.1.1. Жер жерлерде маркумду узатууда (маркум өткөндөгү аза күтүү күндөрү) 3 күнгө чейин эч кандай мал жандыктарын сойбоо;
1.1.2. Маркум өткөндөн кийинки биринчи бейшемби, экинчи бейшемби, кыркы жана жылдык деген көрүнүштөрдү токтотуу;
1.1.3. Эл арасындагы ар кандай маанидеги кудайыларды, мааракелерди өткөрбөө (ата-энеси, туугандары өткөн учурда кыздары тарабынан өз үйүндө, катмы ж.б. өткөрбөө);
1.1.4. Маркум өткөн мезгилде тиешелүү адамдар тарабынан мал союп келүүгө тыюу салуу;
1.1.5. Суук мааракеде маркумдун жакындары тарабынан (аялдар) материал, себет, кийим кийгизүү, чүпүрөк, жайнамаз жана баалуу буюмдарды таркатпоо;
1.1.6. Аялдар үчүн аза күтүп, көк кийди жана ак кийди үрп-адаттарын токтотуу;
1.1.7. Сөөктү жуугандарга баалуу буюдарды берүүнү жоюу;
1.1.8. Маркум өткөндөн 3 күндөн кийин мүмүмкүнчүлүккө карап 3 же андан ашык күндөрү бир кой же эчки союп жана элди чакырып ихсан берүүгө жол берилет (чоң мал союуга жол берилбейт).
1.2. “Ажы”, “Умра” тойлор:
1.2.1. “Ажы” жана “Умрага” барган, келген жарандарга өзүнүн жакын туугандары тарабынан уюштурулган ашыкча той, мааракелерди өткөрүүгө тыюу салуу;
1.2.2. Тасби, жайнамаз ж.б. баалуу буюмдарды таркатууга тыюу салуу.
1.3. Коомдук турмуштагы эл арасындагы сүннөт тойду өткөрүүнүн тартиби:
1.3.1. Сүннөт тойго келген жакындары үчүн көптөгөн конокторду берүүнү токтотуу (конокту үчтөн ашырбоого жол берилет);
1
1.3.2. Жакын туугандары тарабынан сеп кийгизүүнү токтотуу;
1.3.3. Тойго келген жарандар тарабынан (аялдар) себет алып келүү жана кайра себет алып кетүү жөнүндөгү көрүнүштөргө тыюу салуу;
1.3.4. Той ээси тарабынан келген жарандарга нан, пакет ж.б. таркатууга тыюу салуу (эли журттун аксакалдарына берсе болот);
1.3.5. Той ээси тарабынан тойго арнап бир бодо мал жана ага кошумча бир кой союу жана ашыкча чыгымга жол бербөө;
1.3.6. Окуучу балдар үчүн коно берүүгө тыюу салуу;
1.3.7. Эли журтту сүннөт тойго чакыруу өз мүмкүнчүлүктөрүнө жараша жүргүзүлөт;
1.3.8. Тойго келген жакын туугандарына (адиялар) согум сойду жана нан таркатуу иштерин уюштурбоо;
1.3.9. Келген жакын туугандарына (кудаалар) себет коюуну төрттөн ашырбоо;
1.3.10. Калпак, оромол жана дасторкон көтөрүп келүүнү токтотуу, колдон келсе акча каражаты жактан жардам берүү;
1.3.11. Сүннөт тойду өткөрүүдө түрдүү белектер, кийим кече бир гана балдар үчүн алынып, баланын ата-энесине, жакын туугандарына сарпай берүү, себет тартуу, коно берүү, жакын туугандары тарабынан эмеректерди алып келүүнү токтотуу;
1.3.12. Жакын туугандарына коно берүү мүмкүнчүлүккө жараша болуп, адамдын саны 30дан ашырбоо жана ашыкча ыксыз чыгымдарга жол бербөө;
1.3.13. Той ээсинин досторун сыйлоо мүмкүнчүлүккө жараша жүргүзүлөт, ашыкча чыгымдарга тыюу салынат.
1.4. Уул үйлөө жана кыз узатуу каада-салттарын өткөрүүнүн тартиби:
1.4.1. Уул үйлөө тоюунда (ЗАГС) бир жеңил унаа жана бир чоң унаа (бусик ж.б.) менен гана чыгуу;
1.4.2. Кызга калың берүү эки тараптын келишими менен жүргүзүлөт;
1.4.3. Кыз тарапка 100кг. пахта, мал жандыктарды төрттөн ашырбоо жана 800, 1000 даанага чейин нан берүү;
1.4.4. Күйөө балдарга тогуз табак коюу деген көрүнүштөрдү токтотуу;
1.4.5. Тойго алынып барылуучу кант жана таттууларды төрт кутудан (коробка) ашырбоо (эки тараптын ортосундагы);
1.4.6. Тойго келгендерге себеттерди тартуу төрттөн ашырбоо;
1.4.7. үй эмеректерин алуу (мебель ж.б.) эки тараптын келишүүсү менен жүргүзүлөт, ашыкча чыгымдарга жол берилбейт;
1.4.8. Уул үйлөө, кыз узатуу тойлоруна барган жарандарга себет, калпак, материал ж.б. буюмдарды алып барууга тыюу салуу (мүмкүнчүлүккө карап акча каражаты жактан жардам берсе болот);
1.4.9. Турмушка чыгып жаткан кыздар үчүн улуттук кийим менен тойго чыгуу жагы сунушталат;
1.4.10. Өз үйлөрүндө куда сыйларды өткөрбөө (эки тарап той күнү мүмкүнчүлүккө жараша тойканага чакырса болот, адамдын саны 200гө чейин);
1.4.11. Кыз көчүрүүдө кыз тараптагы эркектердин баруусуна жол бербөө
1.4.12. Кыз көчүрүп келүү каада-салттарындагы ашыкча үрп-адаттарды жок кылуу (жүк акчасын алуу, жол тосуу ж.б.);
1.4.13. Кыз көчүрүүгө 30 адамдан ашырбоо (аялдар);
1.4.14. Кызга сөйкө салуу учурундагы ашыкча көрүнүштөрдү кыскартуу, адам санын бештен ашырбоо;
1.4.15. Сөйкө салуу учурунда материал ж.б. баалуу белектерди бербөө.
1.5. Күйөө чакырык, келин көрдү каада-салттарынын өткөрүүнүн тартиби:
1.5.1. Күйөө чакырык жана келин көрдү аземине көп адамдардын баруусуна жол бербөө, адамдын санын бештен ашырбоо жана ашыкча чыгымдарга тыюу салуу;
1.5.2. Мал жандыктарды сойбоо.
1.6.Бешик берүүнүн тартиби:
1.6.1. Жакын туугандары тарабынан балага бешик берүү үлпөтүндө балага гана арналып сарпай берүү;
1.6.2. Ата-энесине сарпай берүүнү токтотуу;
1.6.3. Адамдын санын бештен ашырбоо;
1.6.4. Мал жандыктарды сойбоо.
1.7. Балага акыйка берүү:
1.7.1. Балага арнап акыйка берүүдө мүмкүнчүлүккө жараша мал союуну экиден ашырбоо (акыйка берүү салтанатында бешикти кошо берсе болот);
1.7.2. Эли журтту чакыруу өз мүмкүнчүлүгүнө жараша жүргүзүлөт.
1.8. Жентек той:
1.8.1. Айыл өкмөт аймагында жентек тойду өткөрүүгө тыюу салуу.
1.9. Ата-энесине аш берүү:
1.9.1. 1 бодо мал, 1 кичине мал жандыктарын союуга болот, ашыкча союуга жана чыгымга жол берилбейт;
1.9.2. Конок берүүгө тыюу салуу;
1.9.3. Себет алып баруу, кайра алып кетүүнү токтотуу;
1.9.4. Мал жандыктарын жана акча каражатын берүүгө тыюу салуу;
1.9.5. Нан алууга тыюу салуу (эли журттун аксакалдары үчүн нан алууга жол берилет).
1.10. Орозо айт жана курбан айт майрамдарын белгилөө:
1.10.1. Орозо айт жана курбан айт намаздарын жер жерлердеги мечиттерде көпчүлүк элдин катышуусунда окуу жана өткөрүү;
1.10.2. Жер жерлерде орозо айт жана курбан айт күндөрүн майрамдык маанайда өткөрүү;
1.10.3. Орозо жана курбан айт күндөрү маркум өткөн жерлерге барууга, үймө үй кыдырууга тыюу салуу;
1.10.4. Ашыкча ыксыз чыгашаларды колдонууга жол бербөө;
1.10.5. Себет, нан берүүнү токтотуу;
1.10.6. Арапа күнү маркум өткөн жерге бир гана жакын туугандары келсе болот (аз сандагы адамдардын катышуусунда);
1.10.7. Маркумга арнап арапа күнү жакын туугандары тарабынан 1 мал союуга (кой же эчки) болот, ашыкча союуга жол берилбейт;
1.10.8. Курбан айт күнү мүмкүнчүлүккө жараша курбандык катары мал жандыктарын союуга жол берилет.
1.11. Ар кандай маанидеги жарандарга арналган юбилейлик иш-чараларды өткөрүүнүн тартиби:
1.11.1. Аймакта мектепти бүткөндөрдүн 10, 20, 30 жылдык юбилейлерин коомдук жайлардагы кафе, ресторандарда өткөрүүгө тыюу салуу;
1.11.2. Жер жерлердеги билим берүү мекемелеринде расмий түрдө 10, 20, 30 жылдык юбилейлердин катышуусунда өткөрүүгө жол берилет;
1.11.3. Ар бир жаранга арналган 50, 60, 70, 80 жылдык юбилейлик иш-чаралар аз сандагы адамдардын катышуусунда өткөрүүгө жол берилет, ашыкча чыгымдарга тыюу салынат.
1.11.4. Жер жерлердеги кафе, ресторандарда кассаларды, туулган күндөрдү уюштуруп өткөрүүгө чектөөлөрдү киргизүү.
2. Бирлик айыл аймактык деңгээлдеги комиссия курамынын максаттары жана милдеттери.
2.1. Аймактык деңгээлдеги түзлгөн комиссиясы:
2.1.1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын
24-февралындагы “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар” жөнүндөгү №54 Жарлыгынын Бирлик айыл аймагында атакарылышына жетекчилик кылат;
2.1.2. Аймактык комиссияда тиешелүү маселелерди карайт, аймактык деңгээлдеги жобонун талаптарынын аткарылышына мониторинг жана көзөмөл жүргүзөт;
2.1.3. үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүдө жана коомдук турмуштагы ашыкча ысырапкерчиликти жоюу боюнча тиешелүү иш-аракеттерди көрөт, жер жерлерде эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү уюштурат;
2.1.4. Аймакта ысырапкерчиликти жоюу жана ыксыз чыгымдарды кыскартуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын алдындагы түзүлгөн шаардык, айылдык деңгээлдеги жергиликтүү комиссиянын чечимдериндеги даттанууларды карайт, ишин көзөмөлдөйт жана сунуштарын угат;
2.1.5. Чечим кабыл алуу татаалданткан жагдайлар келип чыккан учурда чара көрүү үчүн комиссияга сунуш киргизет.
3.Аймактык деңгээлдеги жобонун эрежелерин бузган учурда тиешелүү жактарга мыйзамда белгиленген тартипте чара көрүүнүн тартиби:
3.1. Аймактык деңгээлдеги жобонун эрежелерин, мыйзамдуу чечимдерин жана талаптарын аткарбай койгон учурда мыйзамда белгиленген тартипте тиешелүү органдар тарабынан чараларды көрүү;
3.2.Айылдарда үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эске алуудагы ырым-жырымдарды өткөрүү боюнча аймактык жобонун талабы жеке жактар тарабынан бузулган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамынын “Укук бузуулар” жөнүндөгү кодексинде, жергиликтүү кеңештери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында кабыл алынган тиешелүү чечимдерине ылайык айып пулдарды салуу тартибин кароо.
Сессиянын катчысы: |
| Г.Караева |
Бирлик айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы: |
|
С.Каламов |