Загрузка документа…
БИРЛИК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 23-майы № 37
Бирлик айыл өкмөтүнүн Чечме айылындагы “Чечме” чек ара көзөмөл өткөрүү пунктун курулушун кеңейтүү жөнүндө
Бирлик айыл өкмөтүнүн Чечме айылындагы Сох анклавы менен чектешкен “Чечме” чек ара көзөмөл өткөрүү пунктунда ыңгайлуу шарт түзүп, элдин коопсуздугун сактоо максатында курулушун жаңыдан оңдоп, кеңейтип куруу жөнүндө Бирлик айылдык кеңеши талкуулап чыгып:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бирлик айыл аймагынын Чечме айылындагы “Чечме” чек ара көзөмөл өткөрүү пунктун жер аянты узундугу 75 метр, туурасы 24 метр, жалпы 1800 ч.м болуп кеңейтилсин.
2. Токтомдун аткарылышын мыйзам чегинде көзөмөлдөө жагы Бирлик айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн жер боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Бирлик айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы: |
|
С.Каламов |