Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 22-октябры № 689
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы № 131 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 289, 297, 298 жана 299-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу атайын техниканын айрым түрлөрүн жана алардын комплекттөөчүлөрүн кошумча нарк салыгын төлөөдөн бошотуу, Кыргыз Республикасында коомдук коопсуздукту жана укук тартибин камсыз кылуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы № 131 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 289, 297, 298 жана 299-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун 12-тиркемесинде:
– төмөнкүдөй мазмундагы отуз экинчи сап менен толукталсын:
“
8407 21 100 0 | Күчтүк кеме орнотмолору үчүн учкундуу от алуучу ичинен күйүүчү кыймылдаткычтар, цилиндрлердин жумушчу көлөмү 325 см³дан ашпаган асма |
”;
– төмөнкүдөй мазмундагы төрт жүз төртүнчү жана төрт жүз бешинчи саптар менен толукталсын:
“
8711 90 000 0 | Башка мотоциклдер (мопеддер), орнотулган көмөкчү кыймылдаткычы бар велосипеддер, коляскасы менен жана коляскасыз, башка коляскалар |
8714 10 000 0 | Мотоциклдердин жана мопеддердин тормоздору, алардын бөлүктөрү |
”;
– төмөнкүдөй мазмундагы төрт жүз сегизинчи сап менен толукталсын:
“
8716 39 500 1 | Жүк ташуу үчүн башка чиркегичтер жана жарым чиркегичтер, жаңы, бир октуу |
”;
– төмөнкүдөй мазмундагы төрт жүз алтымыш сегизинчи жана төрт жүз алтымыш тогузунчу саптар менен толукталсын:
“
8903 31 000 0 | Асма кыймылдаткычы бар үйлөтүлүүчү жана калкып жүрүүчү каражаттардан тышкары, узундугу 7,5 метрден ашпаган моторлуу кайыктар жана катерлер |
8903 93 990 0 | Эс алуу же спорт үчүн яхталар жана башка калкып жүрүүчү каражаттар, узундугу 7,5 метрден ашпаган калактуу кайыктар жана каноэлер |
”.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 24-октябрындагы № 81 (3737) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |