Загрузка документа…
БИРЛИК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 23-майы № 38
Баткен облусунун Кадамжай районунун “Чечме”өткөрмө пунктундагы автокырсыктан жабыркагандарга акча каражаттарын бөлүштүрүү жөнүндө
Баткен облусунун Кадамжай районунун “Чечме” өткөрмө пунктунда 2022-жылдын 21-майында болгон жол кырсыгынан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө материалдык колдоо көрсөтүү максатында, Бирлик айыл аймагынын айылдык кеңеши төмөндөгүчө чечимдерди кабыл алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Кадамжай районунун Бирлик айыл аймагынын 2 (эки) тургуну жол кырсыгынан каза болгондугун тактоо.
1) Тулянов Алишер Тулякович 29.04.1990ж.т. Ормош айылы
2) Шербаев Жумабай 27.12.1970ж.т. Чечме айылы
2. Каза болгон ар бир маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатына 300 000 (үч жүз миң) сом өлчөмүндөгү материалдык колдоо каражатын аныктоо.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан акча каражаттарын бөлүү демилгесин колдоп, 2 пунктту жүзөгө ашырып, акча каражаттарын бөлүнүүсүнө Кыргыз Республикасынын Өзгөчө Кырдаалдар Министрлиги колдоо көрсөтүүсүн сурануу тиешелүү кызмат адамдарына милдеттндирилсин.
4. Бул чечимдин ишке ашуу жагын көзөмөлдөө Бирлик айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
Бирлик айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы: |
|
С.Каламов |