Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 22-октябры № 691
"Түндүк" ачык акционердик коомунун ишинин
маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 11-мартындагы N 173 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 17-мартындагы № 91 “Мамлекеттик башкаруу чөйрөсүндө санариптик трансформациялоону андан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгынын 5-пунктун ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 7-октябрындагы № 525 “Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталын пайдалануу эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
– 2-пунктта “Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу “Түндүк” мамлекеттик мекемесине” деген сөздөр ““Түндүк” ачык акционердик коомуна” деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-декабрындагы № 745 “Электрондук билдирүүлөр мамлекеттик системасы жана аны пайдалануу эрежелери жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
– 2-пунктта “Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу “Түндүк” мамлекеттик мекемеси” деген сөздөр ““Түндүк” ачык акционердик коому” деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 11-мартындагы N 173 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 707 “2023–2026-жылдарга Кыргыз Республикасында электрондук коммерцияны колдоо жана өнүктүрүү боюнча программаны бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген 2023–2026-жылдарга Кыргыз Республикасында электрондук коммерцияны колдоо жана өнүктүрүү боюнча программада:
– 2-главанын он үчүнчү абзацында “Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин алдындагы “Түндүк” мамлекеттик мекемеси” деген сөздөр ““Түндүк” ачык акционердик коому” деген сөздөргө алмаштырылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-августундагы № 440 “Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын мамлекеттик органдар (уюмдар) менен маалыматтык ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүсүн уюштуруу тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
– 2-пунктта “Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу “Түндүк” мамлекеттик мекемеси” деген сөздөр ““Түндүк” ачык акционердик коому” деген сөздөргө алмаштырылсын.
6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 178 “Евразия экономикалык бирлигинин Кыргыз Республикасындагы бажы чек арасынын автомобилдик өткөрмө пункттарында санитардык-карантиндик, фитосанитардык, ветеринардык жана транспорттук контролдоону (көзөмөлдөөнү) ишке ашыруунун айрым маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
– 3-пункттун 3-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“3) саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, фитосанитардык жана ветеринардык коопсуздук жаатында көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын электрондук түрдө берилген маалыматтары жана дайындары (документтери) электрондук кол тамга менен күбөлөндүрүлгөн аныктыгын ырастаган реквизиттерге, формаларга (форматтарга) жана жол-жоболорго, “Түндүк” ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасынын маалымат (электрондук документ) алмашуу интерфейстерине, анын ичинде “Түндүк” ачык акционердик коомунун Ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү чечимдеринин каталогунда аларды каттоого карата белгиленген талаптарга ылайык келүүгө тийиш;”.
7. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2-июлундагы № 347 “Юридикалык жактардын мобилдик тиркемелери аркылуу мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү, сервистерди жана санариптик документтерди берүү тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Юридикалык жактардын мобилдик тиркемелери аркылуу мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү, сервистерди жана санариптик документтерди берүү тартибинде:
– 3-пункттун 8-пунктчасында “Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу “Түндүк” мамлекеттик мекемеси” деген сөздөр ““Түндүк” ачык акционердик коому” деген сөздөргө алмаштырылсын.
8. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Эркин-Тоо" мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 24-октябрындагы № 81 (3737) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |