Загрузка документа…
БИРЛИК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 22-июлу № 41
А.Шамурзаев атындагы орто мектебин капиталдык ремонттоо жөнүндө
Бирлик айыл аймагына караштуу №29 А.Шамурзаев атындагы орто мектебинин эскилиги жеткендигине байланыштуу жана жер титирөөнүн тийгизген таасиринен техникалык абалынынын начарлашы боюнча 2015-жылдагы Мамлекеттик Курулуш Башкармалыгы тарабынан түзүлгөн АКТ, 15-07-2022-жылы айыл өкмөттүн жумушчулары түзгөн АКТка негиз Бирлик айыл аймагынын айылдык кеңеши угуп, талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. А.Шамурзаев атындагы орто мектептин техникалык абалынын начар экендиги эске алынып, капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн тиешелүү аракеттер көрүлсүн.
2. Токтомдун аткарылыш жагы Бирлик айыл аймагынын айылдык Кенешинин Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Бирлик айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы: |
|
С.Каламов |