Загрузка документа…
ЭЛМИРБЕК ИМАНАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Элмирбек Иманалиев айылдык кеңешинин I чакырылышынын I уюштуруу сессиясы
2024-жылдын 27-ноябрындагы №1
«Элмирбек Иманалиев айылдык кеңешинин төрагасы шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө»
Эсептөө комиссиясынын 2024-жылдын 27-ноябрындагы №-3 протоколун жана Эсептөө комиссиясынын төрагасынын маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен, Элмирбек Иманалиев айылдык кеңешинин I чакырылышынын I уюштуруу сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эсептөө комиссиясынын, Элмирбек Иманалиев айылдык кеңештин торагасын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө 2024-жылдын 27-ноябрындагы №3-протоколу бекитилсин.
2.Уметалиев Айбек Турдалиевич Элмирбек Иманалиев айылдык кеңешинин төрагасы болуп шайлангандыгы таанылсын.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
4.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрагалык кылуучу |
Б.Кусматова |