Загрузка документа…
БИРЛИК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 22-июлу № 42
Кадамжай райондук прокуратурасынын токтомун аткаруу жөнүндө
Бирлик айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги I сессиясы менен бекитилген жер комиссиясынын 20.05.2022-жылдагы протоколуна негиз, Кадамжай райондук прокуратурасынын токтомун аткаруу максатында Бирлик айыл аймагынын айылдык кеңеши талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Бирлик айыл өкмөтү тарабынан Камбарова Бузайнап Алимовнанын атына 29.05.2013-жылы кабыл алынган № 32 сандуу токтому Кадамжай районунун прокуратурасы тарабынан мыйзамсыз деп табылгандыктан, аталган токтомду жокко чыгаруу үчүн сот органына кайрылуу жагы каралсын.
2. Аталган токтом туура эмес кабыл алынгандыктан сот иштерине юрист менен келишим түзүлүп иш алып барылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы туруктуу жер комиссиясына жүктөлсүн.
Бирлик айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы: |
|
С.Каламов |