Загрузка документа…
БИРЛИК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 22-июлу № 43
Бирлик айыл өкмөтүнүн аймагында аткарылган иштердин 6 айлык отчёту жөнүндө
Бирлик айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Маканбаевдин 6 ай ичинде аткарган иштеринин отчётун угуп, талкуулап чыгып Бирлик айыл аймагынын айылдык Кеңеши
Токтом кылат:
1. Бирлик айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Маканбаевдин 6 ай ичинде аткарган иштери канааттандырарлык деп кабыл алынсын.
2. Бирлик айыл аймагына караштуу Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин, ”Гауян СПАсынын жана “Гауян таза-суу” мекемелеринин аткарып жаткан ишмердүүлүктөрү талаптагыдай болбогондугуна байланыштуу Бирлик айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Маканбаевге 2022-жылдын 31-декабрына чейин жакындан көзөмөл жүргүзүп, талапка жооп бергидей жыйынтык менен келүүсү милдеттендирилет.
3. Токтомду көзөмөлдөө жагы Бирлик айыл аймагынын айылдык кеңешинин тиешелүү комиссияларына жүктөлсүн.
Бирлик айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы: |
|
С.Каламов |