Загрузка документа…
БИРЛИК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 15-сентябры № 45
Элдик курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча Бирлик айыл аймагыныны жамаатынын курултайы жөнүндө чечим кабыл алуу, жергиликтүү курултайдын өткөрүлүүчү ордун жана мөөнөтүн аныктоо, жергиликтүү элдик курултайды өткөрүү боюнча комиссиянын курамын бекитүү
Жергиликтүү жамааттык курултай өткөрүү тууралуу жобого, Кыргыз Республикасынын Презиндентинин Биринчи элдик курултайды чакыруу боюнча Жарлыгына ылайык иштелип чыккан иш чаралар планына ылайык күн тартибиндеги маселе боюнча даярдалган баяндаманы,жарыш сөзгө чыккандарды пикирин-сунушун угуп, Бирлик айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бирлик айыл аймагыныны жамаатынын курултайы 2022-жылдын 5-ноябрында Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Бирлик айыл аймагынын Ормош айылында Бирлик айыл өкмөтүнүн кеңсесинин чон залында өткөрүлсүн.
2. Бирлик айыл аймагынын жергиликтүү курултайын өткөрүүнү уюштуруу комиссиясына төмөнкүдөй комиссиянын курамы бекитилсин.
1. Каламов Садыкбек Узакбаевич-Бирлик айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы-уюштуруу тобунун төрагасы
2. Орунбаев Бактыяр Халбаевич-Бирлик айыл аймагынын айылдык Кеңешинин катчысы-уюштуруу тобунун катчысы
Уюштуруу тобунун мүчөлөрү:
3. Ганиев Орозбек Рахимович-Бирлик айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары;
4. Ибрагим уулу Амантай- Бирлик айыл өкмөтүнүн статист-экономисти;
5. Маматов Шүкүрбек Саттаралиевич – Бирлик айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаты;
6. Гулмурзаева Гүлхан Камытовна-Бирлик айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаты;
7. Кабылова Айнагүл Джолдошовна-Бирлик айыл өкмөтүнүн алдындагы КААБ дын аялдар кенешинин төрайымы;
8. Мусаев Улукбек Абдивалиевич-Бирлик айыл аймагынын Чечме айылынын тургуну;
9. Байев Мунарбек Эгембердиевич-Бирлик айыл аймагынын Эшме айылынын тургуну.
3. Бирлик айыл аймагындагы айылдарда жергиликтүү элдик курултай боюнча жыйындарды өткөрүү графиги № 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.( № 1- тиркеме тиркелет.)
4. Жергиликтүү элдик курултайга делегаттарды көрсөтүү нормасын № 2- тиркемеге ылайык бекитилсин. ( 2- тиркеме тиркелет )
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бирлик айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Маканбаевге милдеттендирилсин..
Бирлик айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы: |
|
С.Каламов |