Загрузка документа…
ЭЛМИРБЕК ИМАНАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Элмирбек Иманалиев айылдык кеңешинин I чакырылышынын I уюштуруу сессиясы
2024-жылдын 27-ноябрындагы №2
«Элмирбек Иманалиев айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоо жөнүндө»
Эсептөө комиссиясынын 2024-жылдын 27-ноябрындагы №-3 протоколун жана Эсептөө комиссиясынын төрагасынын маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен, Элмирбек Иманалиев айылдык кеңешинин I чакырылышынын I уюштуруу сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эсептөө комиссиясынын, Элмирбек Иманалиев айылдык кеңештин торагасынын орун басарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө 2024-жылдын 27-ноябрындагы №4-протоколу бекитилсин.
2.Эрмекбаев Турусбек Канатбекович Элмирбек Иманалиев айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары болуп шайлансын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага |
А.Т.Уметалиев |