Загрузка документа…
БИРЛИК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 15-сентябры № 46
“Бирлик айыл өкмөтүнүн ардактуу атуулу” сыйлыгына Бирлик айыл аймагынын Сырт айылынын тургуну, Айдаркен Жалпы дарыгерлер практикалоо борборунун жандандыруу бөлүмүнүн башчысы, реаниматолог - анестезиолог Бегматов Арапбай Рахматиллаевичти көрсөтүү жөнүндө
“Бирлик айыл өкмөтүнүн ардактуу атуулу” ардактуу наамын ыйгаруу боюнча иштелип чыккан жобого ылайык, сыйлыкка көрсөтүлгөн Бегматов Арапбай Рахматиллаевичтин иш- тажырыйбасы боюнча даярдалган баяндаманы жана жеке иш кагаздарын карап чыгып, жарыш сөзгө чыккандардын ой- пикирлериин угуп,талкуулап, Бирлик айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бирлик айыл аймагынын Сырт айылынын тургуну, Айдаркен Жалпы дарыгерлер практикалоо борборунун жандандыруу бөлүмүнүн башчысы, реаниматолог - анестезиолог Бегматов Арапбай Рахматиллаевичти терен кесиптик билгичтиги, алдынкы дарыгердик иш - - тажырыйбасы, эмгектенген жамаатынын жана жалпы Айдаркен шаардык жана Бирлик айылдык аймагынын элдеринин арасындагы жогорку кадыр-баркы жана калктын ден соолугун чындоо үчүн жасап аткан аракеттери эске алуу менен “Бирлик айыл өкмөтүнүн ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
2. Сунушталган талапкердин сыйлыкка даярдалган иш кагаздарын даярдоо тиешелүү кызматкерлерге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бирлик айыл аймагынын айылдык Кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Бирлик айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы: |
|
С.Каламов |