Загрузка документа…
ЭЛМИРБЕК ИМАНАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Элмирбек Иманалиев айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз II сессиясы
2024-жылдын 16-декабрындагы №4
«Элмирбек Иманалиев айыл өкмөттүн карамагындагы канал, арыктарды Кыргыз Республикасынын “Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү министрлигине” өткөрүү жөнүндө »
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 19.04.2024-жылдын №207 токтомунда айыл өкмөттүн карамагындагы канал арыктарды Кыргыз Республикасынын “Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү министрлигине” өткөрүү боюнча Элмирбек Иманалиев айыл өкмөтүнүн башчысы М.Сатаровдун сунушун угуп жана талкуулап, Элмирбек Иманалиев айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз II сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Айыл өкмөттүн карамагындагы канал арыктарды Кыргыз Республикасынын “Суу ресурстары , айыл чарба жана кайра иштетүү министрлигине” өткөрүп берүү боюнча айыл өкмөт башчы М.Ө.Сатаровдун сунушу эске алынсын.
2.Элмирбек Иманалиев айыл өкмөттүн карамагындагы канал арыктарды Кыргыз Республикасынын “Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү министрлигине” өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы
М.Сатаровго тапшырылсын.
4.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага |
А.Т.Уметалиев |