Загрузка документа…
БИРЛИК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 15-сентябры № 47
Жер жана агрардык маселелер боюнча комиссиянын жана Бирлик айыл өкмөтүнүн жер адистеринин Бирлик айыл аймагындагы жарандардын керетөөсүнө ылайык жерлерди бир категориядан экинчи категорияга которуу боюнча даярдаган материалдарынын мыйзамдуулугу жана иш кагаздарынын абалы жөнүндө
Жер жана агрардык маселелер боюнча комиссиянын жана Бирлик айыл өкмөтүнүн жер адистеринин Бирлик айыл аймагынын жарандарынын жана айылдарынын керектөөсүнө ылайык түшкөн арыздардын негизинде жерлерди бир категориядан экинчи категорияга которуу боюнча даярдаган материалдарын, жарыш сөзгө чыккандардын ой-пикирин, сунушун угуп,талкууулап, Бирлик айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жер жана агрардык маселелер боюнча комиссиянын жана Бирлик айыл өкмөтүнүн жер адистеринин жерлерди бир категориядан экинчи категорияга которуу боюнча даярдаган материалдарынын мыйзамдуулугу, даярдалган иш кагаздары тиешелүү кызмат адамдары жана жер жана агрардык маселелер боюнча комиссиянын курамы менен биргеликте дыкаттык менен карап чыгылып,иш кагаздары толукталып, бир айлык мөөнөттө кайрадан Бирлик айылдык кенешинин сессиясына сунуштоо Бирлик айыл өкмөтүнүн жер адистерине жана Бирлик айылдык кенешин жер жана агрардык маселелер боюнча комиссиясына милдеттендирилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бирлик айыл аймагынын айылдык Кенешинин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Бирлик айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы: |
|
С.Каламов |