Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН XV КЕЗЕКCИЗ СЕССИЯСЫ
2025-жылдын 3-ноябры №80/15-6
Токмок шаары, Кыргыз көчөсү (мурунку Киров), №63 дарегинде жайгашкан,
идентификациялык коду 7-10-07-0046-0053 болгон, жалпы аянты 257259,0 ч.м. жер
тилкесин Ибрагимов Алиджан Рахманович атындагы коомдук фондуна
(идентификациялык номуру 00804202210441) убактылуу пайдаланууга берүүгө
Токмок шаарынын мэриясына макулдук берүү жөнүндө
Токмок шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 27-октябрындагы кириш 01-07/190 катынын жана Токмок шаардык кеңешинин Ишкердикти, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча, муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча комиссиясынын 2025-жылдын 28-октябрындагы отурумунун №18 протоколунун негизинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын, Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаары, Кыргыз көчөсү (мурунку Киров), №63 дарегинде жайгашкан, идентификациялык коду 7-10-07-0046-0053 болгон, жалпы аянты 257259,0 ч.м. жер тилкесин Ибрагимов Алиджан Рахманович атындагы коомдук фондуна (идентификациялык № 00804202210441) шаардык парк уюштуруу, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу үчүн, убактылуу пайдаланууга берүүгө Токмок шаарынын мэриясына макулдук берилсин.
2. Бул токтом Токмок шаардык кеңешинин сайтына жарыялансын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Токмок шаардык кеңешинин Ишкердикти, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча, муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | М.Т.Тынайбеков |