Загрузка документа…
БИРЛИК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 15-сентябры № 48
Бирлик айыл аймагынын Сур айылынын тургуну Минбаев Эламан Нурбаевичтин Туркия мамлекетинин Изник шаарында өтүүчү IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюунуна Баткен облусунун атынан Көк бөрү оюндарына калыстык кылуу үчүн бара жаткандыктан жол каражатына көмөк көрсөтүү жөнүндө
Бирлик айыл аймагынын Сур айылынын тургуну Минбаев Эламан Нурбаевичтин Туркия мамлекетинин Изник шаарында өтүүчү IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюунуна Баткен облусунун атынан Көк бөрү оюндарына калыстык кылуу үчүн бара жаткандыгын баяндаган Бирлик айыл аймагынын айылдык Кенешинин төрагасы С.Каламовго жазган кайрылуу катын, бул маселе боюнча сунуш-пикирин айткан айылдык кенештин депутаттарынын, айыл өкмөт башчысынын ой-пикирлериин угуп, Бирлик айыл аймагынын айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бирлик айыл аймагынын Сур айылынын тургуну Минбаев Эламан Нурбаевич Туркия мамлекетинин Изник шаарында өтүүчү IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюунуна Баткен облусунун атынан Көк бөрү оюндарына калыстык кылуу үчүн бара жаткандыктан жол каражаттарына көмөк көрсөтүү максатында 10 000 (он мин) сом өлчөмүндөгү каражат Бирлик айыл өкмөтүнүн казынасынан бөлүнүп берилсин.
2. Белгиленген каражатты бөлүп берүү жагы Бирлик айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Ө.Шералиевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бирлик айыл аймагынын айылдык Кеңешинин бюжет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Бирлик айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы: |
|
С.Каламов |