Загрузка документа…
БИРЛИК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 15-сентябры № 49
Бирлик айыл аймагындагы билим берүү мекемесинин жаш кызматкерлеринин кайрылуусу менен Бирлик айыл аймагындагы мектептерде иштеп жаткан пенсия жашындагы мугалимдердин педагогикалык ишмердүүлүгүнө баалоо жөнүндө
Бирлик айыл аймагындагы мектептерде иштеп жаткан пенсия жашындагы мугалимдердин педагогикалык ишмердүүлүгүнө баа берүү боюнча Бирлик айыл аймагындагы билим берүү мекемесинин жаш кызматкерлеринин кайрылуусун,бул маселе боюнча жарыш сөзгө чыккандардын сунушун,ой-пикирлерин угуп, Бирлик айыл аймагынын айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бирлик айыл аймагындагы билим берүү мекемесинин жаш кызматкерлеринин кайрылуусу менен Бирлик айыл аймагындагы мектептерде иштеп жаткан пенсия жашындагы мугалимдердин педагогикалык ишмердүүлүгүнө баа берүү иши Бирлик айыл аймагынын айылдык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын октябрь айындагы иш – планына киргизилип, тиешелүү кызматкерлер менен кошо аткарууга алынсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Бирлик айыл аймагынын айылдык Кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Бирлик айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы: |
|
С.Каламов |