Загрузка документа…
БИРЛИК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 14-октябрындагы № 50
Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасы менен чек ара маселелери боюнча кол коюлган № 36- протоколу, Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы чек ара маселелери боюнча №39, №42- протоколдор жана Бирлик айыл аймагындагы чек ара тилкесиндеги такталган жана такталбаган жер тилкелери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасы менен чек ара маселеси боюнча кол коюлган № 36 протоколу, Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы чек ара маселелери боюнча №39, №42 протоколдор , Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 1-беренесинин 2 жана 4- пунктарына, 2-беренесинин 1,2 жана 3- пунктарына жана 3-беренесинин 1-пунктуна таянып, Бирлик айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасынын ортосундагы чек ара маселелери боюнча кол коюлган № 36-протоколго жана Кыргыз Республикасынын Өзбекстан менен чектешкен башка аймактары боюнча 2021-жылдын 1-февралына чейин кол коюлган жана 2021-жылдын 1-февралынан кийин кол коюлган бардык протоколдорго 01.09.2023-жыл мөөнөтүнө чейин мораторий жарыяланып, элге кенири түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасынын ортосунда кол коюлган № 39 жана № 42- протоколдорго 01.09.2023-жыл мөөнөтүнө чейин мораторий жарыяланып,элге кенен түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Бирлик айыл аймагынын территориясында жайгашкан,Бирлик айыл аймагынын элинин тарыхый менчиги болгон Чечме –Булак жери жана анын айланасындагы чек арага чектеш Бирлик айыл аймагына тиешелүү жер тилкелери Бирлик айыл аймагында калтырылсын.
3. Бирлик айыл аймагынына тиешелүү тарыхый-архивдик маалыматтарга ылайык:
1876-1926-1938-жылдардагы Жоокесек –Бостон болуштугу,1938-жылдан Бирлик селсовети,1970-жылдардан баштап Кадамжай совхозу,1973-жылдарда Бүргөндү совхозу,1976-жылдары Айдаркен совхозу,1996-жылы Бирлик айыл өкмөтү болуп түзүлгөн мезгилдердеги аймактын адмистративдик чек аймагы,чек аралары боюнча топониикалык картасы боюнча архивдик маалыматтар, 2022-жылдын октябрына чейин Кыргыз Республикасынын Бирлик айыл аймагынын эсебинде турган чек ара тилкелериндеги Тарых,Үч-Үй, Уйгак-Сай деген аталышта жүргөн жерлердин айрым бөлүктөрү кошуна Өзбекстан Республикасына берилип кеткен иш кагаздары (Протоколдор , же келишимдер ким тарабынан түзүгөн) толук такталып, себептери аныкталып,тиешелүү кызмат адамдары тарабынан элге кенири түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн.
4. Бирлик айыл аймагынын Чечме айылында ,чек ара тилкесинде жашап өткөн Бекназаров Ысмайыл аттуу жараан жашаган тамы жана жер тилкесин Кыргыз Республикасынын аймагында калтырууну тиешелуу кызмат адамдары тарабынан такай, катуу көзөмөлгө алынсын.
4. Ушул токтом тез арада Кыргыз Республикасынын бийлик бутактарына расмий түрдө жөнөтүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Бирлик айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы, өзүмө калтырам.
Бирлик айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы: |
|
С.Каламов |