Загрузка документа…
БИРЛИК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 14-октябрындагы № 51
Бирлик айылдык өкмөтүнүн 2023-2024-2025-жылдар үчүн бюджеттин киреше бөлүгүнүн божомолун бекитүү жөнүндө
Бирлик айылдык Өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ө.Шералиевдин, Бирлик айылдык өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгүнүн 2023-2024-2025-жылдар үчүн божомолу жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Бирлик айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бирлик айылдык өкмөтүнүн 2023-жыл үчүн бюджетинин кирешелер бөлүгүнүн божомолу 6984,3 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Бирлик айылдык өкмөтүнүн 2024-жыл үчүн бюджетинин кирешелер бөлүгүнүн божомолу 7103,3 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Бирлик айылдык өкмөтүнүн 2025-жыл үчүн бюджетинин кирешелер бөлүгүнүн божомолу 7103,3 миң сом өлчөмүндө бекитилсин. (№1-тиркемелер тиркелет.)
4. 2023-2024-2025-жылдын бюджетинин киреше бөлүгүнүн божомолун аткарылышын мыйзам чегинде аткаруу жана көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Ж. Маканбаевге милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Бирлик айыл аймагынын айылдык Кеңешинин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Бирлик айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы: |
|
С.Каламов |