Загрузка документа…
БИРЛИК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 14-октябры № 53
Бирлик айыл аймагынын Бел айылына суу скважинасын казып чыгаруу боюнча даярдалган долбоорду ишке ашыруу максатында өздүк салым үчүн Бирлик айыл өкмөтүнүн бюджетинен акча каражатын ажыратуу жөнүндө
Бирлик айыл аймагынын Бел айылынын тургундарынын суугат суу маселесин чечүү боюнча Бел айылына суу скважинасын каздыруу боюнча кайрылуу сураныч-талаптарын карап чыгып, Бирлик айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бирлик айыл аймагынын Бел айылына суугат суусу үчун суу скважинасын каздыруу боюнча даярдалып жаткан долбоорго Бирлик айыл өкмөтүнүн бюджетинен өздүк салым катары 500 000 (беш жүз мин) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Аталган акча каражатын бөлүп берүү жагы Бирлик айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Маканбаевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Бирлик айыл аймагынын айылдык Кеңешинин бюжет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Бирлик айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы: |
|
С.Каламов |