Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 31-октябры № 710
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 250 “Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин маселелери жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Чарбалык коомдордо мамлекеттин катышуу үлүшүн башкарууну өркүндөтүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 250 “Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги жөнүндө жободо:
– 13-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 71-пунктча менен толукталсын:
“71) Министрлер Кабинетинин чечими боюнча мамлекеттин атынан юридикалык жактардын уюштуруучусу болуп чыгууга жана уставдык капиталында мамлекеттин үлүшү бар чарбалык коомдордо акционердин укуктарын жүзөгө ашырууга;”.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 4-ноябрындагы № 84 (3740) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |