Редакцияот 15.10.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАРА-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

 19-чакырылышынын 7-кезексиз сессиясы

 

2025-жылдын 15-октябры №  7/1

 

Элдик Курултайды уюштуруу жана өткөрүү маселелери жөнүндө

 

 Кыргыз Республикасынын Президентинин “Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” 2025-жылдын 25-сентябрындагы №270 Жарлыгына ылайык Кара-Суу айылдык кеңеши  ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Кара-Суу айыл аймагы 5 аймактык бөлүктөргө бөлүнсүн жана жыйындарды өткөрүүнүн графиги, өтүлүүчү жери жана жергиликтүү коомдоштуктун өкүлчүлүктүү жыйынына катышуучулардын саны жана төмөндөгүдөй бекитисин:

-        Кара-Суу  участкасы – К.Абдылдаев атындагы маданият үй  2025-жылдын                      20-октябрында саат 10.00 дө.

-        Супа-Булак участкасы  - К.Абдылдаев атындагы маданият үйү 2025-жылдын                      20-октябрындагы  саат 13.00 дө.

-        Дыйкан айылы- А. Капаров орто мектеби, 2025-жылдын 20-октябрында  саат 15.30 дө.

-        Терек-Суу айылы- А.Чортеков орто мектеби, 2025-жылдын 21-октябрында саат     10.00 дө.

-        Калинин айылы- Т.Адыраңов орто мектеби, 2025-жылдын 21-октябрында саат      13.00 дө.

 

2.Жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйынына катышуучулардын саны:

-        Кара-Суу участкасы – 16 адам

-        Супа-Булак участкасы - 16 адам

-        Дыйкан айылы – 16 адам

-        Терек-Суу айылы - 16 адам

-        Калинин айылы - 16 адам.

 

3.Өкүлчүлүктүү жыйынды өткөрүүгө жооптуу жергиликтүү кеңештин депутаттары:

-        Кара-Суу участкасы – К.Акбаев, Ч.Үсөнов, Б.Аманбек у,К.Абдрахманова, А.Жакеева

-        Супа-Булак участкасы -  А.Өзгөрүш у, Ч.Карагулова, Г.Калиязова.

-        Дыйкан айылы – Н.Асанбек у, Б.Каракожоева.

-        Терек-Суу айылы – М.Тавалдиев, К. Карекова, А.Эсенгулова, К.Абдыкадыр у.

-        Калинин айылы – С.Жумалиев, А.Бугубаева,  И.Тилекматов, Т.Кылычбек к, У.Кыдыршаев.

 

4.Өкүлчүлүктүү жыйынды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы:

1.    төрагасы: Жумашов Марсбек

2.    катчысы: Самтыров Максатбек

Мүчөлөрү:

3.    Кулова Венера

4.    Молдажиева Каныкей

5.    Абдрахманов Мустапа

 

 

 

Төрага

К. Жакыпакун уулу