Загрузка документа…
БИРЛИК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 14-октябры № 55
Бирлик айыл өкмөтүнүн кайрылуусун кароо жана Бирлик айыл өкмөтүнүн аймагындагы Жал, Сур, Ормош, Эшме, Сырт,Кичи-Айдаркен айылдарынан жер аянттарын которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Бирлик айыл өкмөтүнүн алдындагы жер комиссиясынын кайрылуусунда Бирлик айыл өкмөтүнүн аймагында жол четтеринен бизнес багыты үчүн жана мүрзө ачууга кайрылган атуулдар коп болгондугуна байланыштуу элдин суранычын сунуш - пикирин аткаруу максатында , Бирлик айыл өкмөтүнүн чегинен аянттары “Айыл чарба багытындагы жерлери” категориясынан “ Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлери” категориясына которууга (трансформациялоого) болгон жер боюнча комиссиянын сунушун канааттандырып, Бирлик айыл өкмөтүнөн тийиштуу документтер даярдалып берилүүсү боюнча Бирлик айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169 “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө убактылуу жобонгу бекитүү тууралуу токтомунун негизинде Бирлик айыл өкмөтүнүн аймагынан жалпы 15,695 га жер аянты анын ичинен Жал айылынан 0,15 га, Сур айылынан 0,285 га, Ормош айылынан 3,93 га, Эшме айылынан 7,08 га, Сырт айылынан 0,10 га, Кичи-Айдаркен айылынан 1,0 га жер аянттарын“Айыл чарба багытындагы жерлери” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлери” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Которуу (трансформациялоо) үчүн тийиштуу иш кагаздарын даярдоо жагы Бирлик айыл өкмөтүнөн суралсын.
3. Ушул токтомду көзөмөлгө алуу жагы Бирлик айыл аймагынын айылдык Кеңешинин алдындагы жер боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Бирлик айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы: |
|
С.Каламов |