Загрузка документа…
БИРЛИК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 14-октябры № 56
Бирлик айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2022-жылга жергиликтүү бюджетке өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Бирлик айыл өкмөтүнүн 2022-жылга жергиликтүү бюджетине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө экономика жана каржы бөлүмүнүн башчысы Ө.Шералиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап “Кыргыз Республикасынын 2022-жылга Республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзам негизинде Бирлик айыл аймагынын айылдык Кеңеши
Токтом кылат:
1. 2022-жылдын жылдык бюджеттик сметасында бекитилген киреше бөлүмүндөгү кээ бир статьялары бекитилген сметадан ашыкча аткарууга муктаж болгондуктан, киреше жана чыгаша бөлүмүнө тиркемеге ылайык бюджеттик сметага өзгөртүүлөр киргизилсин. (№ 1, 2, 3-тиркемелер тиркелет).
2. Финансы Экономика бөлүмүнүн башчысы-башкы эсепчи Ө.Шералиевге бюджетке тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү жагы милдеттендирилсин.
3. КР ФМ Кадамжай башкармалыгынан жогорудагы өзгөртүүлөрдү көнүлгө алуу жагы суралсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бирлик айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Бирлик айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы: |
|
С.Каламов |