Загрузка документа…
БИРЛИК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 14-октябры № 57
Бирлик айыл аймагынын Чечме айылындагы № 37 “Биринчи май” орто мектебинин аталышын 2022-жыдын 16-сентябрындагы Тажик Республикасы менен чек арага байланыштуу Баткен окуясында көрсөтүп, баатырларча курман болгон Мамасыдыков Наркозу Баратовичтин ысымына өзгөртүү жөнүндө
Бирлик айыл аймагынын Чечме айылындагы № 37 “Биринчи май” орто мектебинин аталышын ушул айылдын тургуну, 2022-жылдын 16-17-сентябрында Баткен облусунун Кыргыз - тажик чек арасында болгон куралдуу кагылышууда мекенин коргоодо баатырларча курман болгон Кыргыз Республикасынын УКМК чек ара кызматынын 2053 “Бөрү” атайын багытталган ошунунун улук чалгынчысы, улук аткыч маркум Мамасыдыков Наркозу Баратовичтин ысымына өзгөртүү боюнча № 37 “Биринчи май” орто мектебинин педагогикалык жамаатынын 2022-жылдын 27- сентябрындагы №2 педагогикалык кенешинин чечимин, Чечме айылынын жалпы элдик чогулушунун протоколун карап чыгып, бул маселе боюнча жарыш сөзгө чыккандардын ой- пикир,сунуштарын угуп, талкуулап Бирлик айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бирлик айыл аймагынын Чечме айылындагы № 37 “Биринчи май” орто мектебинин аталышын Чечме айылдын тургуну, 2022-жылдын 16-17-сентябрында Баткен облусуна Тажик Республикасынын куралдуу кол салуусунда мекенин коргоодо баатырларча курман болгон Кыргыз Республикасынын УКМК чек ара кызматынын 2053 “Бөрү” атайын багытталган кошунунун улук чалгынчысы, улук аткыч маркум Мамасыдыков Наркозу Баратовичтин ысымына өзгөртүлсүн.
2. Аталган мектептин атын өзгөрүлүшү боюнча тиешелүү иш кагаздарын даярдоо Бирлик айыл өкмөтүнүн тиешелүү адистерине жана аталган мектептин жетекчилигине милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бирлик айыл аймагынын айылдык Кеңешинин Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Бирлик айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы: |
|
С.Каламов |