Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2025-жылдын 23-октябры ПЖ № 295
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 13-октябрындагы № 282 “Учурдагы бюджеттик жылга республикалык бюджеттин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджеттеринин чыгашаларын бөлүү боюнча чечимдерди кабыл алуу жана аткаруу тартибин убактылуу укуктук жөнгө салуу жөнүндө” Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Социалдык маанилүү жана мамлекеттик муктаждыктарга каражат бөлүү маселелерин чечүү, улуттук экономиканын субъекттерине мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70, 71-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 311-беренесине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 13-октябрындагы № 282 “Учурдагы бюджеттик жылга республикалык бюджеттин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджеттеринин чыгашаларын бөлүү боюнча чечимдерди кабыл алуу жана аткаруу тартибин убактылуу укуктук жөнгө салуу жөнүндө” Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пункт “бюджеттеринин чыгашаларын бөлүү” деген сөздөрдөн кийин “, бюджеттик кредиттерди реструктуризациялоо жана улуттук экономика субъекттерине кепилдик берүү” деген сөздөр менен толукталсын;
- 2-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 4, 5-пунктчалар менен толукталсын:
“4) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитети менен макулдашуусуз улуттук экономиканын субъекттерине кепилдик берүү жөнүндө;
5) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитети менен макулдашуусуз бюджеттик кредиттерди реструктуризациялоо жөнүндө.”;
– 5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
1) 2025-жылдын 30-ноябрына чейинки мөөнөттө 2025-жылга республикалык бюджетке өзгөртүүлөрдү кабыл алсын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жаңы курамы түзүлгөндөн кийин бир айдын ичинде анын бекитүүсүнө киргизсин;
2) жаңы чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитетине бул Жарлыктын 2-пунктуна ылайык кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдеринин аткарылышы жөнүндө маалымат берсин;
3) бул Жарлыктан келип чыгуучу чараларды көрсүн.”.
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 24-октябрындагы № 81 (3737) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
С.Н. Жапаров |