Загрузка документа…
БИРЛИК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 14-октябры № 58
Бирлик айыл аймагынын Сур айылынын тургуну, 1990-жылы туулган Аманова Чолпонай Абдукаримжановнанын турак-жай куруу үчүн жер участогун суроо боюнча арызын канаттандыруу жөнүндө
Бирлик аймагынын айылдык Кенешине Сур айылынын тургуну 1990-жылы туулган Аманова Чолпонай Абдукаримовнанын турак-жайга муктаждыгынын зарылдыгы боюнча арызын, Бирлик айыл аймагынын айылдык Кенешинин депутаты М. Эшанкуловдун бул жарандын социалдык абалынын оордугу боюгча түшүндүрмөсүн угуп, талкуулап Бирлик айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бирлик айыл аймагынын Сур айылынын тургуну 1990-жылы туулган Аманова Чолпонай Абдукаримжановнага социалдык абалын эске алуу менен Бирлик айыл аймагынын Сур айылынан муниципиалдык менчикте турган жер аянтын кезексиз мыйзамдаштыруу жагы Бирлик айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бирлик айыл аймагынын айылдык Кеңешинин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Бирлик айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы: |
|
С.Каламов |