Загрузка документа…
БИРЛИК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 21-ноябры № 59
Бирлик айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Маканбаевдин 2022-жылдын III кварталына карата 9 айда аткарган иштеринин жыйынтыгы жөнүндө
Бирлик айыл өкмөтүнүн Ж.Маканбаевдин 2022-жылдын III кварталына карата
2022-жылдын 9 айлыгындагы аткарган иштеринин жыйынтыгын угуп жана талкуулап Бирлик айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бирлик айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Маканбаевдин 2022-жылдын III кварталына карата 2022-жылдын 9 айлыгындагы аткарган иштеринин жыйынтыгы
“канааттандырарлык” деп белгиленсин.
2. Бирлик айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлеринин жана айыл башчыларынын функционалдык милдеттерин, аткарган иштеринин жыйынтыгын кызматтык жогорку органдар жана эл алдында отчеттуулугун көзөмөлдөө жагын кароо Бирлик айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Маканбаевге милдеттендирилсин.
3. Бирлик айыл аймагындагы Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин, “Гауян Таза-Суу” ИСКАКБ нын жана “Гауян” СПА сынын 2022-жылдагы аткарган иштеринин жыйынтыгынын отчеттулугун көзөмөлдөө жана жетекчиликтеринин иш орунга татыктуулугуна баа берүү жагын кароо үчүн элдик жыйын өткөрүү жагын тез арада уюштуруу Бирлик айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Маканбаевге милдеттендирилсин.
Бирлик айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы: |
|
С.Каламов |