Загрузка документа…
БИРЛИК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 21-ноябры № 60
Бирлик айылдык өкмөтүнүн бюджетинин 9 ай ичиндеги киреше,чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы жана 2022- жылга жергиликтүү бюджетке өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Бирлик айылдык өкмөтүнүн 2022-жылга жергиликтүү бюджетине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө экономика жана каржы бөлүмүнүн башчысы Ө.Шералиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап «Кыргыз Республикасынын 2022-жылга Республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзам негизинде Бирлик айыл аймагынын айылдык Кеңешинин сессиясы
Токтом кылат:
1. Бирлик айылдык өкмөтүнүн 2022-жылдын 9 айлык аткарылышы кирешелер бөлүгү 14148,0 миң сом,чыгашалар бөлүгү 11532,8 миң өлчндө аткарылган отчёту бекитилсин.
2. 2022-жылдын жылдык бюджеттик сметасында бекитилген киреше бөлүмүндөгү кээ бир статьялары бекитилген сметадан ашыкча аткарууга муктаж болгондуктан, киреше жана чыгаша бөлүмүнө тиркемеге ылайык бюджеттик сметага өзгөртүүлөр киргизилсин. (№ 1-2-3-тиркемелер тиркелет).
3. Финансы Экономика бөлүмүнүн башчысы-башкы эсепчи Ө.Шералиевге бюджетке тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү жагы милдеттендирилсин.
4. КР ФМ Кадамжай башкармалыгынан жогорудагы өзгөртүүлөрдү көнүлгө алуу жагы суралсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Бирлик айылдык Кеңешинин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Бирлик айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы: |
|
С.Каламов |