Загрузка документа…
БИРЛИК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 21-ноябры № 61
Бирлик айыл аймагындагы билим берүү мекемелеринин 2022-2023-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдыгы жөнүндө
Бирлик айыл аймагынын айылдык Кеңешинин Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын Бирлик айыл аймагынын айылдык Кеңешинин иш планынын негизинде Бирлик айыл аймагындагы билим берүү мекемелеринин 2022-2023-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдыгы боюнча өткөрүлгөн отурумунун протоколун, бул маселе боюнча сөзгө чыккандардын ой- пикир сунуштарын угуп, талкуулап, Бирлик айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бирлик айыл аймагындагы билим берүү мекемелеринин 2022-2023- жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдыгы, бир топ кемчилдиктерди эске алуу менен “ канааттандыраарлык” деп табылсын.
2. Кадамжай райондук билим берүү бөлүмүнө мектептерди жана бала бакчаларды күз-кыш мезгилине даярдоо ишиндеги керектелүүчү чарбалык керектөөлөрдү сатып берүүнү мезгилинде жүргүзбөгөндүгү , тамак- ашты сатып алуу боюнча тендер маселеси, көмүрдү сатып алууда сапатынын начардыгы боюнча атайын кызматтык кайрылуу жолдонсун.
3. Мектеп ашканасында мугалимдердин тамактануусу үчүн уруксат берүү маселесинде тиешелүү жогорку кызматтарга кызматтык кайрылуу жолдонсун.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бирлик айыл аймагынын айылдык Кеңешинин Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Бирлик айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы: |
|
С.Каламов |