Загрузка документа…
БИРЛИК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 21-ноябры № 62
«Бирлик айыл өкмөтүнүн маданият үйүнүн капиталдык ремонту жана борбордук стадионуна эстрадалык сахна үчүн чатыр куруу” долбоорун Республикалык дем берүүчү грантка сунуштоо жана өздүк салым үчүн Бирлик айыл өкмөтүнүн бюджетинен акча каражатын ажыратуу жөнүндө
Бирлик айыл өкмөтүнүн «Бирлик айыл өкмөтүнүн маданият үйүнүн капиталдык ремонту жана борбордук стадионун эстрадалык сахна үчүн чатыр куруу” долбоорун сметалык суммасы жана бул долбоор үчүн Бирлик айыл өкмөтүнүн өздүк салымын карап чыгып, айтылган сунуш- пикирлерди талкуулап, Бирлик айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. ««Бирлик айыл өкмөтүнүн маданият үйүнүн капиталдык ремонту жана борбордук стадионун эстрадалык сахна үчүн чатыр куруу” долбоорун республикалык дем берүүчү грантка сунушталсын.
2. «Бирлик айыл өкмөтүнүн маданият үйүнүн капиталдык ремонту жана борбордук стадионун эстрадалык сахна үчүн чатыр куруу” долбоорун Бирлик айыл өкмөтүнүн бюджетинен өздүк салым катары 443 140 (төрт жүз кырк үч мин бир жүз кырк) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
3. Аталган акча каражатын бөлүп берүү жагы Бирлик айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Маканбаевге милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Бирлик айыл аймагынын айылдык Кеңешинин Бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Бирлик айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы: |
|
С.Каламов |