Загрузка документа…
БИРЛИК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 28-декабры № 64
Бирик айыл аймагындагы Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин, “Гауян- Таза-суу” ИСКАКБнын жана “Гауян СПА”нын иштерин жакшыртуу максатында түзүлгөн Бирлик айыл аймагынын айылдык Кеңешинин убактылуу комиссияларынын корутундусуна ылайык белгиленген убакыт ичинде кетирген кемчилдиктерин аткарылышы жөнүндө
Бирик айыл аймагындагы Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин, “Гауян- Таза-суу” жана “Гауян СПА”нын иштерин жакшыртууу максатында түзүлгөн Бирлик айыл аймагынын айылдык Кеңешинин убактылуу комиссияларынын корутундусуна ылайык белгиленген убакыт ичинде кетирген кемчилдинин үстүндө иш алып баруу ишмердүүлүгүн карап чыккан комиссиялардын чечимин,айтылган пикир-сунуштарды эске алуу менен Бирлик айыл аймагынын айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2022-жылда аткарган иштеринин жыйынтыгы жана 2022-жылдын январындагы Бирлик айыл аймагынын айылдык Кеңешинин Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин ишин жакшыртуу максатында түзүлгөн убактылуу комиссиянын протоколдук тапшырмаларынын аткарылышы айрым кемчилдиктерди эске алуу менен Бирлик айыл аймагынын жалпы элдик жыйында кайрадан кемчилдиктерди түзөтүү менен маалымат берүү жагы Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин башчысы А.Карабаевге милдеттендирилсин.
2. “Гауян- Таза-суу” ИСКАКБнын 2022-жылда аткарган иштеринин жыйынтыгы жана 2022-жылдын январындагы Бирлик айыл аймагынын айылдык Кеңешинин “Гауян- Таза-суу” ИСКАКБнын ишин жакшыртуу максатында түзүлгөн убактылуу комиссиянын протоколдук тапшырмаларынын аткарылышы “канааттандырарлык эмес” деп белгиленсин.
“Гауян- Таза-суу” ИСКАКБнын жетекчиси Ж.Матказиевдин жетекчилик орду жана иштеген жамааттын ишмердүүлүгүнө баа берүү үчүн “Гауян- Таза-суу” ИСКАКБнын кеңешинин жана жалпы элдик жыйынды 2022-жылдын январь айына уюштуруу жагы Бирлик айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Маканбаевге милдеттендирилсин.
3. “Гауян СПА”нын 2022-жылда аткарган иштеринин жыйынтыгы жана 2022-жылдын январындагы Бирлик айыл аймагынын айылдык Кеңешинин “Гауян СПА”нын ишин жакшыртуу максатында түзүлгөн комиссиянын протоколдук тапшырмаларынын аткарылышы “канааттандырарлык эмес” деп белгиленсин.
“Гауян- Таза-суу” ИСКАКБнын жетекчиси С.Ишбалаевдин жетекчилик орду жана жана иштеген жамаатынын ишмердүүлүгүнө баа берүү үчүн “Гауян СПА”нын кеңешинин жана жалпы элдик жыйынды 2022-жылдын январь айына уюштуруу жагы Бирлик айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Маканбаевге милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бирлик айыл аймагынын айылдык Кеңешинин убактылуу комиссиясынын төрагаларына жүктөлсүн.
Бирлик айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы: |
|
С.Каламов |