Загрузка документа…
МИЛЯНФАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2024-жылдын 12-январындагы № 75/XXX-28
Милянфан айыл өкмөтүнүн 2024-жылга бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүн жана 2025-2026-жылдарга болжолун жана 2023-жылга бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетун кароо жана бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 102-беренесине ылайык, “2023-жылга бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы жана Кыргыз Республикасынын бюджетин бекитүү жөнүндө 2024-жылга бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгү жана 2025-2026-жылдарга бюджеттин болжолу тууралуу Милянфан айыл өкмөтүнун КЭБ башчысы Х.Джондун маалыматын угуп, Милянфан айыл кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Милянфан айыл аймагынын 2024-жылга бюджети киреше жана чыгаша бөлүгүндө 18166,9 миң сом, анын ичинен теңдөөчү гранттар 2509,4 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
2024-жылга чыгашылар боюнча 16024,9 мин сом
Анын ичинде бөлүмдөр боюнча:
- башкаруучу персонал – 6302,1 миң сом
- турак жай-коммуналдык чарба – 6490,4 миң сом
- жайыт комитети – 16,4 миң сом
- маданиятка – 1232,4 миң сом
- билим берүү – 1185,0 миң сом
- социалдык камсыздоо – 745,0 миң сом
Киреше бөлүгүндөгү атайын каражаттар боюнча 2142,0 миң сом
Чыгымдар боюнча – 2142 миң сом
Анын ичинде бөлүмдөр боюнча:
- билим берүү (балдар бакчасы) – 2142,0 миң сом
2. Айыл айыл аймагынын 2024-жылдагы киреше бөлүгү 1-тиркемеге ылайык акча каражаттарынын келип түшүү булактарынан түшкөн кирешелерден түзүлөт.
Милянфан айыл аймагынын 2024-жылга чыгашаларын каржылоого каражаттар 2-3-тиркемеге ылайык белгиленсин
3. Айыл аймагынын 2024-жылга чыгашаларын каржылоо корголгон беренелер боюнча (эмгек акы, соцфондго чегерүү) артыкчылыктуу иш жүзүндө алынган кирешелердин чегинде жүргүзүлө тургандыгы белгиленсин. Корголгон чыгашалардын статьялары штаттык санга жана эрежелерге байланыштуу кыскартылышы мүмкүн. Эмгек акыны үнөмдөөнүн чегинде жылдын акырына карата эмгектин жыйынтыгы боюнча үстөк акыларды төлөө үчүн стимулдарды камсыз кылуу.
4. Турак жай-коммуналдык чарба секциясынын штаттык таблицасы 5,5 штаттык бирдик жана атайын эсепке 289,8 миц сом өлчөмүндө бекитилсин.
5. Негизги эсеп боюнча 3282,9 миң сом жана атайын эсеп боюнча 467,4 миң сом бош калдыгы бекитилсин.
6. Жүгүртмө каражаттар - накталай акча 130,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
7. Жергиликтүү бюджеттин кирешелери жана чыгашалары боюнча болжолун бекитүү.
- 2025-жылга 14529,3 миң сом суммасында
- 2026-жылга 15461,3 миң сом суммасында
8. Милянфан айыл аймагынын 2023-жылдагы бюджетинин аткарылышы боюнча отчёт бюджеттик каражаттардын негизинде кирешелер боюнча 24100,3 мин сом жана чыгашалар боюнча 26806,4 мин сом жана кирешелер боюнча атайын эсеп 2139,7 мин сом суммасында бекитилсин. сом жана чыгашалар 1989,7 миң сом суммасында каралган.
9. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Төрага |
| А.В.Исма |