Загрузка документа…
МИЛЯНФАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2024-жылдын 12-январындагы № 76/XXX-28
Милянфан айыл өкмөтүнүн 2024-жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүү планын бекитүү
Милянфан айыл өкмөтүнүн башчысы Р.А.Бегалиевдин Милянфан айыл өкмөтүнүнүн 2024-жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүү планын бекитүү жөнүндө маалыматтын карап жана талкуулап төмөнкү иштер аткарылуусу белгиленди. Айыл аймагындагы жергиликтүү маанидеги экономикалык өнүгүүсүн турмушка ашыруу максатында жергиликтүү бюджет, инвестиция, гранттар, демөөрчүлөр тарабынан иш жүргүзөөрү белгиленди, тактап айтканда инфраструктураны жакшыртуу маселеси карап чыгуу боюнча талаптар коюлду. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 78 беренесинин негизинде жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-жана 39-беренелерине ылайык Милянфан айылдык кеңешинин сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Милянфан айыл өкмөтүнун 2024-жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүү планы 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Милянфан айыл өкмөтүнүн Милянфан айыл аймагынын мекеме-уюмдарынын жетекчилерине ошондой эле башка жеке жана юридикалык жактарга:
- планда белгиленген чараларды ишке ашыруу боюнча комплекстүү чараларды көрсүн, өндүруштүк жана ресурстардын кошумча резервдерин табууга, инвестициялык долбоорлорду өз убагында жана сапаттуу ишке ашырууга, экономиканын өсүү темптерин максаттуу көрсөткүчтөрун камсыз кылуу үчүн жаңы өндүрүштүк кубаттулуктарды ишке киргизсин.
3. Милянфан айыл өкмөту
- ушул токтомдун белгиленген тартипте каттоодон өткөрсүн;
- ушул токтомдун көчурмөсүн Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Юстициялык министирлигине тиешелүү аймактык бөлүмунө жөтөтүлсүн.
4. Ушул токтом “Жениш Туусу Ысык-Ата” коомдук саясий гезитине жарыялансын жана Министирлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агентинин mkk.gov.kg сайтына жарыялансын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Милянфан айылдык кенешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
6. Ушул токтом кол коюлгандан күндөн тартып күчунө шкирет.
Төрага |
| А.В.Исма |