Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2025-жылдын 30-октябры ПЖ № 302
“Элдик Банк” ачык акционердик коомун аманат ишинин маданиятын улантуучу деп таануу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын тарыхый мурасын сактоо жана жайылтуу, аманат маданиятын бекемдөө максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерине ылайык токтом кылам:
1. “Элдик Банк” ачык акционердик коому 1925-жылдан баштап Кыргыз Республикасынын аймагында калыптанган аманат ишинин маданиятын улантуучу деп таанылсын.
2. “Элдик Банк” ачык акционердик коому Кыргыз Республикасында аманат ишинин маданиятынын 100 жылдыгына арналган финансылык сабаттуулук боюнча иш-чаралардын комплексин өткөрсүн.
3. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 31-октябрындагы № 83 (3739) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
С.Н. Жапаров |