Загрузка документа…
БАШ-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баш-Кайынды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын кезексиз X сессиясы
2025-жылдын 15-октябры №10/2
Кезектеги IV Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча Баш-Кайыңды айыл аймагында жергиликтүү коомдоштуктардын жыйындарын чакыруу жана өтүүчү жерин аныктоо, жыйынга катышуучулардын санын бекитүү, жыйындарды өткөрүү боюнча жергиликтүү жамааттарды тиешелүү аймактык бөлүктөргө бөлүү ченемдери,жыйналыштарды өткөрүү графигин бекитүү , жыйынды өткөрүүгө жооптуу жергиликтүү кеңештин депутаттарынын тизмесин бекитүү жана жыйынды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамын бекитүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча айылдык кеңештин жооптуу катчысы А.Чукулуковдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык
кеңешинин сессиясы токтом кылат :
1. 2025-жылдын 1-ноябрында ишемби күнү саат 11-00 гө кезектеги IV Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча Баш-Кайыңды айыл аймагынын жергиликтүү коомдоштуктардын жыйыны Баш-Кайыңды айылындагы айыл өкмөтүнүн жыйындар залында чакырылсын.
2. Жергиликттүү коомдоштуктардын жыйынына катышуучуларды аныктоо боюнча Баш-Кайыңды айыл аймагынын жергиликтүү жамааттары төмөндөгүдөй аймактык бөлүктөргө бөлүнсүн: Өзгөрүш айылы,Талды-Суу айылы,1-Май айылы,Большевик айылы,Баш-Кайыңды айылы
3. Баш-Кайыңды айыл аймагынын жергиликтүү коомдоштугунун жыйына катышуучу өкүлдөрдүн саны 80 адам деп бекитилсин,анын ичинде
- Өзгөрүш айылынан- 7 адам
- Талды-Суу айылынан- 14 адам
- 1-Май айылынан- 10 адам
- Большевик айылынан- 9 адам
- Баш-Кайыңды айылынан- 40 адам
4. Жергиликтүү коомдоштуктун жыйынын уюштуруу жана өткөрүү боюнча
төмөндөгүдөй курамда жумушчу тобу бекитилсин:
- Бокоев Абдылдабек-айылдык кеңештин төрагасы,жумушчу тобунун төрагасы;
- Чукулуков Абдыкадыр-айылдык кещештин жооптуу катчысы,жумушчу тобунун катчысы;
- Акунбаев Азамат- 1-Май айылынын айыл башчысы,жумушчу тобунун мүчөсү;
- Абдыкеримов Нурбек- Өзгөрүш айылынын айыл башчысы,жумушчу тобунун мүчөсү;
- Орозакунов Жолдошбек-Талды-Суу айылынын айыл башчысы,жумушчу тобунун мүчөсү;
- Солтобаев Бактыбек-Большевик айылынын айыл башчысы,жумушчу тобунун мүчөсү;
- Сулайманов Талант- милициянын Баш-Кайыңды аймактык бөлүмчөсүнүн башчысы,жумушчу тобунун мүчөсү;
- Курманебекова Чолпон-айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы,жумушчу топтун мүчөсү;
- Акылбеков Алыбек-айыл өкмөтүнүн юристи,жумушчу тобунун мүчөсү;
- Эсенов Мирбек-айыл өкмөтүнүн адиси,жумушчу тобунун мүчөсү;
- Итибакунов Ырысбек-айыл өкмөтүнүн башкы адиси,жумушчу тобунун мүчөсү;
- Каналиев Жаныбек-айыл өкмөтүнүн адиси,жумушчу тобунун мүчөсү;
- Иманалиев Бактыбек-мунициаплдык ишкананын кызматкери,жумушчутоптун мүчөсү;
5. Баш-Кайыңды айыл аймагынын жергиликтүү коомдоштугунун жыйынына катышуучу өкүлдөрдү шайлоо боюнча аймактардагы чогулуштарды өткөрүү графиги жана чогулуштарды өткөрүүгө жооптуу айылдык кеңештин депутаттары жана жумушчу тобунун мүчөлөрү бекитилсин:
- Өзгөрүш айылында -20.10.2025-жылы саат: 11-00, жооптуулар Бердигулов Уланбек,Маматбаева Айсулуу-айылдык кеңештин депутаттары,Абдыкеримов Нурбек-жумушчу тобунун мүчөсү;
- Талды-Суу айылында- 20.10.2025-жылы саат: 14-00, жооптуулар Назаров Нурлан,Турдумамбетов Азамат,Жумукова Бүбүайша,Темиркул уулу Жанузак-айылдык кеңештин депутаттары; Орозакунов Жолдошбек-жумушчу тобунун мүчөсү;
- 1-Май айылында- 21.10.2025-жылы саат: 11-00, жооптуулар Жумабай
уулу Азамат,Байматов Ишеналы,Жусупова Айнур-айылдык
кеңештин депутаттары;Акунбаев Азамат-жумушчу тобунун мүчөсү;
- Болшевик айылында-21.10.2025-жылы саат:14-00,жооптуулар
Солтобаев Аман,Султанова Гүлнаш-айылдык кеңештин депутаттары;
- Баш-Кайыңды айылында-22.10.2025-жылы саат:11-00,жооптуулар-
Асеков Жолдошбек,Абдыкадырова Перизат,Бакелова Нурзат,
Исаев Өмүрбек,Бектурсун уулу Азамат,Тайжанова Айсулуу,Кубак
уулу Жыргалбек-айылдык кеңештин депутаттары;Курманбекова Чолпон-жумушчу
тобунун мүчөсү;
6. Элдик Курултайдын делегатын шайлоо боюнча жыйындар жана чогулуштар өткөрүлө турган күн,убакыт жана жай жөнүндө жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнө маалымат жеткирүү жана айылдык жыйындарды,жергиликтүү коомдоштуктун жыйынын уюшкандыкта өткөрүү айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине жана жумушчу тобуна тапшырылсын.
7. Бул токтомду массалык маалымат каражаттарына жарыялап, ченемдик
укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү жооптуу катчы
А.Чукулуковго милдеттендирилсин.
Төрага | А. Бокоев |