Редакцияот 13.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЫНТЫМАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Ынтымак айылдык кеңешинин (7 – чакырылышы) кезектеги ХIX сессиясы

 

 

2023-жылдын 13-апрелиндеги № 19/01

 

Ынтымак жайыт комитетинин 2022-жылдагы аткарган иштеринин отчету жана 2023-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө

Ынтымак айылдык кеңеши күн тартибиндеги Ынтымак айыл аймагындагы Ынтымак жайыт комитетинин 2022-жылдагы аткарган иштери жана 2023-жылга бюджетин бекитүү жөнүндөгү маселени карап жана талкуулап чыгып Ынтымак айылдык кеңеши:

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Ынтымак айыл аймагындагы Ынтымак жайыт комитетинин 2022-жылдагы аткарган иштери канааттандырарлык деп табылсын.

 

2. Ынтымак жайыт комитетинин 2023-жылга бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү тиркемеге ылайык бекитилсин.

 

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү айылдык кеңештин “Жер, суу, муниципалдык менчик жана электр энергия, жолдор боюнча” комитетине жүктөлсүн.

 

 

Ынтымак айылдык кеңешинин

төрагасынын орун басары

К. Балтабаева