Редакцияот 13.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЫНТЫМАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Ынтымак айылдык кеңешинин (7 – чакырылышы) кезектеги ХIX сессиясы

 

 

2023-жылдын 13-апрелиндеги № 19/03

 

Ынтымак айыл өкмөтүнүн кызматтык НИВА үлгүсүндөгү унаасын Ынтымак жайыт комитетине өткөрүп берүү жөнүндө

Ынтымак айылдык кеңеши күн тартибиндеги Ынтымак айыл өкмөтүнө тиешелүү болгон модели ВАЗ 21214, чыгарылган жылы 2006, 6400 ОО каттоо номери менен катталган ак түстөгү НИВА үлгүсүндөгү кызматтык авто унаасын Ынтымак жайыт комитетине өткөрүп берүү максатында Ынтымак айылдык кеңеши:

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Ынтымак айыл өкмөтүнө тиешелүү болгон модели ВАЗ 21214, чыгарылган жылы 2006, 6400 ОО каттоо номери менен катталган ак түстөгү НИВА үлгүсүндөгү кызматтык авто унаасын Ынтымак жайыт комитетине өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.

 

2. Кызматтык авто унааны мыйзам чегинде Ынтымак жайыт комитетине өткөрүп берүүнү Ынтымак айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.

 

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү “Уюштуруу укуктук маселелер, мамлекеттик органдар жана өз алдынча башкаруунун аймактык органдары менен өз ара аракеттенүү” комитетине жүктөлсүн.

 

 

Ынтымак айылдык кеңешинин

төрагасынын орун басары

К. Балтабаева