Редакцияот 13.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЫНТЫМАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Ынтымак айылдык кеңешинин (7 – чакырылышы) кезектеги ХIX сессиясы

 

 

2023-жылдын 13-апрелиндеги № 19/05

 

Ынтымак айыл өкмөтүнүн аймагындагы эски мончону иштетүү жөнүндө

Ынтымак айыл өкмөтүнүн аймагындагы эски мончону иштетүү жөнүндөгү маселени карап жана талкуулап чыгып Ынтымак айылдык кеңеши:

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Ынтымак айыл өкмөтүнүн Ынтымак жана Беш-Буркан айылдарында жайгашкан муниципалдык менчикте турган эски мончону иштетүү үчүн убактылуу пайдаланууга 49 жылга ижарага берүүгө макулдук берилсин.

 

2. Эски мончону иштетүү үчүн электр тармагын, токтом чыккан күндөн баштап эки жыл ичинде курууну, максатка ылайык пайдаланууну, социалдык пакетин, элдин кызыкчылыктарын эске алуу менен экологияга зыян келтирбестен жер салыктарын жана ижараны өз убагында төлөөнү ижарага алып иштеткен жаранга милдеттендирилсин.

 

3. Эски мончону иштетүүдө мыйзамдуу иш алып баруу жагы Ынтымак айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

 

4. Ынтымак айыл өкмөтүнүн социалдык-маданий объектилерин өнүктүрүү жана инфраструктураны жакшыртуу боюнча ижарачы менен келишим жана мемарандум түзүү жагы Ынтымак айыл өкмөтүнө сунушталсын.

 

5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү айылдык кеңештин “Жер, суу, муниципалдык менчик жана электр энергия, жолдор боюнча” комитетине жүктөлсүн.

 

 

Ынтымак айылдык кеңешинин

төрагасынын орун басары

К. Балтабаева