ЫНТЫМАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Ынтымак айылдык Кеңешинин (7 – чакырылышы) кезектеги ХX сессиясы
2023-жылдын 8-июнундагы № 20/03
Ынтымак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Бейиш нуру балдар бакчасына дагы бир кошумча тайпа ачуу тууралуу
Ынтымак айылдык кеңеши күн тартибиндеги Ынтымак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Бейиш нуру балдар бакчасына дагы бир кошумча тайпа ачуу тууралуу маселени карап жана талкуулап чыгып Ынтымак айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ынтымак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Бейиш нуру балдар бакчасына дагы бир кошумча тайпа ачууга макулдук берилсин.
2. Бул маселе боюнча мыйзамга ылайык иш алып баруу жагы Ынтымак айыл өкмөтүнүн башчысы К. Салановко милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ынтымак айылдык кеңешинин “Жер, суу, муниципалдык менчик жана электр энергия, жолдор боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ынтымак айылдык кеңешинин төрагасы | Р.Исамов |