Редакцияот 28.10.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

2025-жылдын 28-октябры № 239

 

2024-жылдын 6-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Түрк мамлекеттер уюмунун Жарандык коргонуу механизмин түзүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу

 

 

1- берене

2024-жылдын 6-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Турк мамлекеттер уюмунун Жарандык коргонуу механизмин түзүү жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.

2- берене

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө Түрк мамлекеттер уюмуна белгиленген тартипте кабарласын.

3- берене

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 31-октябрындагы № 83 (3739) саны менен жарыяланган.

 

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С.Н. Жапаров

 

 

 

2025-жылдын 24-сентябрында

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган