Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 4-ноябры № 714
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 9-августундагы № 578 “Жол-транспорт кырсыктарын каттоо эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Жол-транспорт кырсыктарын эсепке алууда статистикалык отчеттуулукту тартипке келтирүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 9-августундагы № 578 “Жол-транспорт кырсыктарын каттоо эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жол-транспорт кырсыктарын каттоо эрежелеринде:
– 3-пунктта:
алтынчы, жетинчи абзацтар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“каза болгон – жол-транспорт окуясы болгон жерде каза болгон же анын кесепетинен улам 30 сутканын ичинде өлгөн, каза болушуна жол-транспорт кырсыгынын натыйжасында алган жаракаттары себепкер экенин соттук-медициналык экспертизанын корутундусу ырастаган адам;
жарадар – жол-транспорт кырсыгынын натыйжасында анын ооруканага бир суткадан кем эмес мөөнөткө түшүшүн шарттаган дене жаракаттарын алган, анын ичинде жол-транспорт кырсыгы болгон учурдан тартып үч суткадан кечиктирбестен дарылоочу- профилактикалык мекемелерге кайрылган, ошондой эле кырсык менен алынган жаракаттардын ортосундагы себеп-натыйжа байланышын ырастаган медициналык корутунду (анын ичинде соттук-медициналык экспертизанын) болсо, көрсөтүлгөн мөөнөт аяктагандан кийин кайрылган адам;”;
төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
“башкалар – кырсык болгон жерде алгачкы дарылоодон же амбулаториялык кабыл алуудан тышкары, ооруканага жаткырууну талап кылбаган жеңил жаракат (чийилген так, сыйрык, көгөрүү) алган адамдар.
Эскертүү: жеңил жаракат алган адамдар жөнүндө маалыматтар (“башкалар” категориясы) өзүнчө жүргүзүлөт жана негизги статистикалык отчетко киргизилбейт.”;
6-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
“–М2 жана М3 категорияларындагы жүрүп бара жаткан транспорт каражаттарынын, ошондой эле шаардык жана шаар четиндеги каттамдарда жүргүнчүлөрдү ташууну жүзөгө ашырган троллейбустардын ичинде жүргүнчүлөрдүн кулашынын натыйжасында, алардын өмүрү жана ден соолугу үчүн болгон кесепеттерге карабастан, мындай транспорт каражаттарын башкарган айдоочулар тарабынан, ошондой эле жол кыймылынын башка катышуучулары тарабынан транспорт каражатын пайдалануу эрежелерин бузуулар болбогон учурда, бул кырсыктардын башка катышуучулары каза болбогон жана (же) жаракат албаган шартта;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилген ыйгарым укуктардын чегинде жасалган транспорт каражаттарын мажбурлап токтотууну жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу кызмат адамдарынын иш-аракеттеринин натыйжасында.”;
27-пункттун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“– өлүмгө учуроого жол-транспорт кырсыгынын натыйжасында алган жаракаттары себепкер экендигин ырастаган соттук-медициналык экспертизанын корутундусу болсо, жол-транспорт кырсыктарында алган жаракаттарынан жол-транспорт кырсыгы болгон датадан тартып 30 сутканын ичинде каза болгондор тууралуу.”.
2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги өздөрүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 7-ноябрындагы № 85 (3741) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |