ЫНТЫМАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Ынтымак айылдык Кеңешинин (7 – чакырылышы) кезектеги ХX сессиясы
2023-жылдын 8-июнундагы № 20/05
Ынтымак айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 1-январына карата эсиптик счетундагы калдыкты бекитүү жөнүндө
Ынтымак айылдык кеңеши күн тартибиндеги Ынтымак айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 1-январына карата эсиптик счетундагы калдыкты бекитүү жөнүндөгү маселени карап жана талкуулап чыгып Ынтымак айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ынтымак айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын бюджеттик счетунан калган калдык кирешелери жана чыгашалары 8330,7 миң сом жана атайын каражат эсеп счетунан калган калдык кирешелери жана чыгашалары 40,1 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. 2023-жылга айылдык бюджетине 1-январына каралган калдыктын эсебинен чыгашалар боюнча багыттар 1-тиркемеге ылайык аныкталсын. Айылдык бюджеттин чыгаша бөлүгүн жыл башында бекитилген суммага 2023-жылдын 1-январына эсептик счетунда калган калдыкты кошуп каржылануусун Ынтымак айыл өкмөтүнүн башчысына жана финансы экономика бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ынтымак айылдык кеңешинин “Экономика, бюджет, соода жана ишмердүүлүк боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ынтымак айылдык кеңешинин төрагасы | Р.Исамов |